вторник, 2 декабря 2014 г.

Кааба жөнүндө 10 факт

Бардык объективдүү фактыларды ала турган болсок дагы бул шаарды планетанын эң атактуу шаары деп атаса жарашат. Сутканын 24 саатында Каабаны миңдеген адамдар айланып өтүшөт. Ал Аль-Харам мечитинин борборунан орун алган. Анын сүрөтү көп сандаган адамдардын үйүндө илинип турат, жана миллиондон ашык сыйынуучулар күнүнө беш жолу ошол тарапты карап намазга жыгылышат.

Кааба – Меккенин чок ортосу. Куб түрүндөгү курулуш адамдар эң көп бара турган мечит Аль-Харамдын жүрөгүндө жайгашып, сырты кара кепинге жана кылым карыткан тарыхка чулганган. Бул макалада биз Кааба ташынын өткөн чактагы жана учурдагы силер биле элек бир нече фактыларды айтып берели деп жатабыз.


10. Кааба бир нече жолу салынган.

Учурдагы Кааба ташын пайгамбар Ыбрайым менен Ысмайыл салган деп айтуу кыйыныраак. Мезгил өткөн сайын табигый кырсыктардын жана адамдын колунан жабыркаган Каабаны кайрадан калыптандырып, оңдоп түзөп турууга туура келген.

Анын кайрадан калыптанышына Мухамбет Пайгамбар негизги салымын кошкону баарыбызга маалым. Ал кезде "Каабанын дубалын кандайча салыш керек" деген араб урууларынын ортосундагы узакка созулган чыр чатакты жана кан төгүүлөрдү пайгамбар өзүнүн жөнөкөй жана гениалдуу чечими менен токтоткон.

Андан бери, бир нече кылымда бир, Кааба реконструкцияланып турган. Акыркысы 1996-жылы жасалып, анда айрым таштары алмаштырылып, пайдубалы менен чатыры бекемделген.

9. Кааба түстүү болуп анда эки эшик бир терезеси бар эле.

Башынан эле кире бериш жана чыга бериш үчүн эки эшик бар болчу. Узак убакытка чейин терезеси да болоор эле. Учурдагы вариантында бир эле эшиги калтырылган. Биз Кааба ташынын алтын жазуулары бар кара кисвага оронуп турганын көрүп көнүп калбадыкпы. Бирок мурун анын дубалдары кызыл, жашыл, ак түстөргө сырдалып турчу. Каабаны кара кездеме менен жабуу салты Аббасиддер доорунда пайда болуп биздин күнгө чейин сакталып келет.


8. Ушу күнгө чейин меккелик уруулардын биринде Каабанын ачкычы бар.

Пайгамбардын заманына чейин өткөн зыяратты (хадж) курайша урууларынын бири көзөмөлгө алган. Кийин Ислам бул салтка чекит койгон: ажылыкка аттанган ар бир инсан сыйынуусун өз алдынча өткөргөн.

Меккени багындырган Пайгамбар Каабанын ачкычын алган. Бирок аны өзүнө калтырбастан ачкычты кайра Бани Шайба уруусунан чыккан Усман ибн Тальхеге кайрып берген. Анын үй-бүлөсүндө ачкыч укумдан-тукумга берилип отурган. Бул салт бүгүнкү күндө да уланууда. Себеби Мухамбет Пайгамбар Мындай деген экен: "О бану Тальха бул ачкычты сиз алыңыз, ал сизде ар дайым сакталуу турсун. Ачкычты зөөкүр башкаруучудан башка эч ким сизден тартып ала албайт". Пайгамбардын сөзүнө каршы эч ким чыга алган эмес, султан болобу, корол болобу бардыгы ушул чакан меккелик үй-бүлөнүн уруксаатын алгандан кийин гана Каабанын ичине кирген.


7. Кааба бардыгы үчүн ачык.

Жакынкы убакытка чейин каалагандын бардыгы жумасына эки жолу Каабанын ичине кирип сыйынууга шарты бар болчу. Бирок зыяратчылардын саны күн санап көбөйгөндүктөн андан башка дагы фактыларга байланыштуу мындай иш чараны өткөрүү такыр мүмкүн болбой калган. Бүгүнкү күндө Кааба жылына эки жолу атайын чоң коноктор үчүн гана ачылат.

6. Каабаны суу каптаган.

Кааба турган жер тоо менен курчалган өрөөндүн эң төмөнкү деңгээлинде орун алган, ошондуктан суу ташкынын көзөмөлдөө системасы салынганга чейин мезгил-мезгили менен Меккени суу каптап турчу. Кааба бир нече күн катары менен жарым-жартылай сууга чөмүлүп турган учурлар болгон. Бирок бул көрүнүш зыяратчылардын санын азайткан эмес. Фотого көңүл бургула – мусулмандар Каабаны суу кечип, айланып өтүп жатышат. Мындай көрүнүш башка кайталанбай калышы мүмкүн. Бирок, ким билет...


5. Каабанын ичинен бардык тарапты карап сыйынса болот.

Мурда көпчүлүк Кааба ташынын ичине кирип чыккан адамдардын айтып бергендерин угуп эле тим болушса, кийин заяратчылардын бири бардыгын уюлдук телефондун камерасына тартып алган. Эми интернет аркылуу каалоочулардын бардыгы Каабанын ичин көрө алышат (калтыраган видео болсо деле).

Каабанын ичинде пол жана дубалдар апакай мармар таш менен жасалгаланган.


4. Эки Кааба бар.

Каабанын асманда түгөйү бар. Аль-Байт аль-Мамур деп аталган жайга периштелер гана барышат. Ал тууралуу Куранда да айтылат. Мираджга көтөрүлгөндөн кийинки эскерүүлөрүндө Пайгамбар асмандагы Кааба тууралуу төмөнкүлөрдү айткан экен:

"Мен Жабрайылдан ал Үй тууралуу сурадым, ал мага: "Бул Үй жык жыйма. Ал жака күндө жетимиш миң периште кирет, бирок бир киргенден кийин ага экинчи ирет киришпейт" (аль-Бухари менен Муслимден келитрилген).

3. Кайсы бир убакта кара таш бөлүнүп калган

Эмне себептен кара таш тегерете күмүш менен капталып калган – деген суроо силерде пайда болду беле? Көрсө таш орто кылымдарда курмутиддер сектасынын колунан жабыркаган экен. Алар ажылыкты ырым-жырым деп аташкан. Элди ишенимин жокко чыгаруу максатында он миңдеген зыяратчыларды өлтүрүп, сөөктөрүн Зам-Зам сууга ташташкан.

Кылган кылгылыгына тойбой, кара ташты да уурдап чыгышкан. Эч ким алардан кайра кайрып берүүсүн талап кыла алган эмес. 22 жыл өткөндөн кийин гана ыйык ташты ордуна өздөрү кайтарышкан. Бирок ал экиге бөлүнүп калган болчу. Күмүш бөлүнгөн ташты бекем кармап турат. Тарыхчылардын айткандарына караганда, таштын бардык бөлүктөрү кайтарылган эмес.


2. Алгач Кааба куб формасында эмес эле.

Ооба, так ошондой! Дүйнөдөгү эң атактуу куб алгач тик бурчтук формасында салына баштаган.

Курулуштун башында "Хидж Ысмаил" деп аталган жарым тегерек бөлүгү да кошулган болчу. Мухамбеттин пайгамбарлыгына чейин бир нече жыл мурун Курайшиттер Каабаны кайра салууну ойлоп, ал максат үчүн таза акча гана колдоноорун жар салышкан. Б.а. кумар оюндарынан, талап-тоноодон, сойкулуктан ж.б. у.с. түшкөн каражат алынган эмес. Каабаны баштапкыдай кылып тургузууга жеткиликтүү каражат чогултулбай калган.Эми элестеткиле, канчалык деңгээлде арабдар күнөөгө батышкан.

Курайшиттер Каабанын кичирээк версиясына айла жоктон макул болушат. Бирок Үйдүн баштапкы көлөмүн белгилеп коюуу үчүн бышкан кирпичтен өтө чоң эмес дубал көтөрүшүп, аны "Хиджр Ысмаил" деп аташат. Өмүрүнүн соңку жылдары Мухамбет Пайгамбар Каабаны кайра калыптандырам деп пландап жаткан, тилекке каршы ал жетишкен эмес. Зыяратчы ошол жерден намазын окуса, ал Каабанын ичине кирип чыкканга тете болот.

1. Мусулмандар Каабага да кара ташка да сыйынышпайт.

"Эмне себептен мусулмандар Каабага сыйынышат? Же мусулмандар кара ташты ыйык тутканы чынбы?"- деген суроолорду көп эле укса болот. Бул суроолорго жооп бирдей: мусулмандар Каабага да кара ташка да сыйынышпайт.

Чынында Кара таш Ыйык Үйгө кайсы тараптан баштап сыйынуу керектигин көрсөтүп гана турат.

Ошондой эле Кааба намаз учурунда мусулмандар кайсы тарапты карап туруусу керектигинин белгиси.

Мухамбет Пайгамбардын эң жакын адамдарынын бири Умар Каабаны айланып өтүп жатып кара ташты өпкөн: "Мен сенин жөн эле таш экениңди жана мага эч кандай зыянкечтик же пайда алып келбеээриңди билем. Эгер Аллахтын элчиси сени өөп жатканын көрбөсөм эч качан мындайды кылбайт элем", - деген экен (аль-Бухариден келтирилген)

Демек Умар Мухамбет Пайгамбардын өпкөнүн көрүп туруп анын жасагандарын кайталаган. Умар Пайгамбардын кылгандарын жасап, Пайгамбар өзү сыйынгандай сыйынган, кийин бул ажылык сапардын салтына айланып калган.

Апсаматова Наргиза

Tags: ,

0 Responses to “Кааба жөнүндө 10 факт”

Отправить комментарий

Subscribe

Donec sed odio dui. Duis mollis, est non commodo luctus, nisi erat porttitor ligula, eget lacinia odio. Duis mollis

© 2013 Shumduk. All rights reserved.
Designed by SpicyTricks