среда, 26 ноября 2014 г.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар
среда, 26 ноября 2014 г. by admin
Шатылар... Адам баласынын кыял чабытынан жаралган, күнүмдүк турмушубуздун ажырагыс бир бөлүгү. Шаты – тигинен кеткен, түрдүү аралыктарды өтө турган конструкция. Азыркы жашоодо жалкоолуктун, а балким өз көлөкөсүнөн ашып жарышкан доор талабына ылайык лифт, эскалаторлорду көбүрөөк колдонобуз. Көбүрөөк, бирок дайыма эмес. Жер шаарында адамдын кыялында жаралып, колу менен жасалган таң калыштуу, укмуш дизайны, акылга сыйбас кооздугу же тарыхый баалуулугу менен өзүнө тарткан шатылар да бар. Алардын айрымдары, планетанын тиги же бул бурчунун атагын чыгарып, саякатчылардын сүймөнчүгүнө айланып калган.
БЮРЕН ТООСУ (Аскерлер тепкичи)
Бельгиянын Льеж шаарында жайгашкан бул шатынын аталышы "Бюрендин тоосу" болгону менен, ал жерде эч кандай тоо жок. Аталган мамлекеттин тарыхында өзүнүн татыктуу орунун ээлеген конструкциянын үстү жагында илгери аскердик форт, ал эми ылдый жагында шаардын көңүл ачуучу району жайгашкан экен. Ушул тепкичтер менен форттун тургундары ылдый түшүп, акчаларын ичимдикке жана кыздарга коротушкан.
"Бюрен тоосу" 1881-жылы салынган. Шаты эки 9 кабаттуу үйгө барабар келип, 374 тепкичтен турат. Бул шатыга 15-кылымда Льеж шаарын бургунд баскынчыларынан коргогон ак сөөк Винсент де Бюрендин ысымы ыйгарылган.
Шаардын картасында Монтань-де-Бюрен көчө катары белгиленген. Шатынын 374 тепкичин басып өткөнгө күчү жеткен саякатчы, бийиктиктен Маас дарыясынын көз жоосун алган сулуулугуна суктана алат.
ТАЙХАН (Кан кызыткан сезимдер мекени)
Кытайдын Хенань провинциясындагы Тайхан тоосунда салынган бул шаты – кан кызыткан сезимдерди издеп, бирок экстримге жүрөгү даабагандар үчүн накта табылга. 92 чакырым бийиктикке бул тепкичтер менен чыгуу өмүр бою эсте калса керек.
Көк асманды көздөй типтик кеткен шатынынын авторлору "лифтке караганда биздин конструкция алда канча мыкты, себеби, сен уламдан улам өйдөлөп кете бересиң, ал эми шамалдын ышкырыгы, жаныңдан учуп өткөн куштардын канатынын добушу....анан да бут алдыңда кыйчылдаган тепкичтер...Мунун баардыгы – накта экстрим", - деп сыймыктанышат.
АВАДЗИ (Самурай чыйыры)
Японияда борбор шаары менен аталышы бирдей Авадзи деген арал бар. Шаарда жайгашкан "Авадзи Юмэбутай" тематикалык сейил багы түрдүү конференцияларды, көргөзмөлөрдү, майрамдарды же жөн гана ажайып эс алууну уюштурууга ылайыкталган "Юмэбутайдын" чыгарамачыл атасы – япониялык уста Тадао Андо. Сейил бак 1995-жылы ачылган.
"Авадзи" аралынын бул көркөм жеринде япониялыктардын гүл өстүрүү чеберчилиги адамдын оозун ачырган кооздукту жараткан. Ал – 100 төрт бурчтук жер тилкесинде жайгашкан ажайып шаты-гүлзарлар.
ПОТЕМКИН ШАТЫСЫ
Потемкин шатысы Оруссиянын Одесса шаарында жайгашкан. Шаты көзгө көлөмдүүрөөк көрүнүшү үчүн трапеция формасында салынып, үстүңкү тепкичтин туурасы 12,5 метрге барабар болсо, ал эми, алдыңкысы 21,7 метрге чейин жетет. Шатынын тикелей узундугу 142 метрди түзөт. Бирок, ылдыйда жайгашкан деңиз вокзалынан караганда шаты бир катар эле узун көрүнөт.
Потемкин шатысы колдонууга 1841-жылы берилген. Учурда ал дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде туристтик обьект катары белгилүү.
Жылына эки жолу, 1 – апрелде жана шаар күнүндө одессалыктар Потемкин шатысына жалпы сүрөткө түшкөнү келишет. Бул күндөрү тепкичтер отургучтардын ролун аткарат.
"Жолборс менен таш бака" (Маанисиз тепкичтер)
Немецтердин Дуйсбург шаарындагы Ангерпарк деген сейил багынын меймандары ,"американские горкиге" элестеткен аттракционго сөзсүз барышат. Америкалык тууганынан айырмасы, бул жердин коноктору, ийме-чийме жолдорду атайын кабинкаларда эмес, жөө басып өтүшү керек. Аттракциондун бийиктиги 7 кабаттуу үйгө тете.
"Жолборс менен таш баканын" меймандары ийме-чийме шатынын баардык тилкелеринде эркин сейилдей алышат, болгону түйүн катары жасалган жерине барганга тыюу салынат.
Бир карасаң баш аламан көрүнгөн шаты 2011-жылы ачылган. Эң кызыгы, аны салууга 2 миллион евро коротулган экен.
ЧАНД БАОРИ (Ылдыйга гана алып бара турган шаты же аптаптан кутулуу жолу)
Индиянын климаты дайыма ысыктыгы менен айырмаланат. Буга байланыштуу жергиликтүү калк тээ илгертен ысык менен күрөшүүнүн жолдорун издеп келишкен. Күндүн табынан кутулуу үчүн индиялыктар дайыма тепкичтери бар кудуктарды салышкан. Себеби, ылдый жакта суунун температурасы куйкалаган аптаптан сактаган. Төмөндөгү сүрөт баянда Раджастхан штатындагы абанери шаарындагы Чанд Баори комплекси.
Кудук – бассейн устачылыгынын эң ажайып символдорунун бири Чанд Баори, жалпысынан алганда 3500 тепкичтен турат.
Тыныч Кожобек
Подписаться на:
Комментарии к сообщению (Atom)


0 Responses to “Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар”
Отправить комментарий