Recent Articles

четверг, 8 января 2015 г.

Ай кароодо илимге таянабызбы же хадискеби?

четверг, 8 января 2015 г. - 0 Comments

Кыргызстанда да жылда орозо айында ооз ачуу, орозо айт күнүн белгилөө убактысы ары-бери жылып, бир топ талаш жаралат.

Ушул маселелерге чекит коюу максатында жакында Ош шаарында диниятчылардын эл аралык конференциясы өттү.

Түркия, Казакстан жана Кыргызстан дин өкүлдөрү катышкан жыйында эми рамазан айы астрономиялык иликтөөлөргө ылайык башталышы зарыл экендиги айтылды. Ошондой эле дүйнө мусулмандары ай телескоптон көрүнгөн кезде орозону бир күндө башташы керектиги сөз болду.

Пайгамбар учурунан келаткан талаш

Ислам дининдеги айдын жаңырышын карап орозо тутуу талашы көп жылдан бери чечилбеген маселе. Тагыраагы, пайгамбар учурунан баштап эле бир өлкөдө рамазан айы дүйшөмбү башталса, башкасында шейшемби, шаршемби күндөргө туш келип калчу дешет диниятчылар. Бирок бир гана айды эмес, бүт ааламды кенен изилдеп жаткан бүгүнкү заманда, бул талашка чекит коюлбай жатканы миллиондогон мусулмандарга ыңгайсыздыкты жаратып келүүдө. 

Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын жетекчи орун басары Экрем Келеш муну так аныктап алуу замандын талабы дейт:

Экрем КелешЭкрем Келеш
x
Экрем Келеш
Экрем Келеш

- Жөнөкөй мисал, Европада жашаган 40 миллиондой мусулман айтты ар күнү белгилеп, орозону ар күнү баштап, кыйналып жатышат. Маселен, Түркиядан барган мусулман өз өлкөсүнө карап ооз ачат, Пакистандан келгени өз мамлекетине таянып дагы башка күнү, индиялык бирөө болсо Индияга карап айттайт. Европада бир шаарда, бир мечитте намаз окуп жаткан мусулмандар натыйжада ар кайсы күнү айтты майрамдоого аргасыз болуп калат. Бул мусулмандардын биримдигине залака келтирет. Ошол себептүү учурда бул маселени тезирээк тактап алууга абдан чоң муктаждык бар.

Эл аралык дин эксперттеринин пикиринче, учурда дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрү Рамазан айын, Орозо айтты жана Курман айтты төрт түрдүү айырма менен белгилешет. Бул айдын бир өлкөдө эрте көрүнүп, башкасында андан кийинки күндөрү көрүнүүсү менен байланыштуу. Илимпоздор белгилегендей, ай жаңырганда алгач Латын америкасында, кийин Африкада, анан берирээк Сауд Арабиясынын айланасында жана Европада, анан Евразия контингентиндеги башка мусулман өлкөрүндө көрүнөт. Ошого байланыштуу да аталган өлкөлөр түрдүү күндөрү ооз ачышат жана айт майрамдары ар кандай күндөргө туш келип калат. Бирок эми мусулман өлкөлөрү бир чечимге келүүсү зарыл дейт окумуштуулар.

- Азыркы күндө илимий жетишкендиктер менен айдын кайсы күнү, саат канчада, каерден чыга турганын так билип коюуга мүмкүнчүлүк бар. Ал тургай айдын чыкканын 5 мүнөттөн кийин эле ССD телескоптук камерасы аркылуу көрө алабыз. Аны ошондон 12-18 сааттан кийин гана башка өлкөлөр көрө баштайт. Айырма болуп аткандыгы да ошондон. Бирок ошого карабай дүйнө жүзүндөгү бардык мусулман өлкөлөрүнүн дин аалымдары бир пикирге келип, бир күнү орозо тутуп, бир күндү айт күн кылып белгилөө чечимине келишибиз керек. Биздин аймак үчүн салттуу делинип жаткан ханафи мазхабында да дүйнөнүн кайсы жеринен ай көрүнсө, башка жердеги мусулмандар да орозо тутуп баштаса болот деп айтылат. Биздин шартта Латын Америкасынан ай көрүнсө, демек биз рамазан айын баштай беришибиз керек. Мындай аракет менен биз бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын башын бириктире алабыз. Азыр биз Түркияда дал ушундай шартта орозо тутуп жатабыз, - дейт Түркиялык илимпоз Екрем Келеш. 

Кыргызстандагы талаштар

Окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, айдын жаңыруусуна карап рамазан айын баштоодо ошол эле Сауд Арабиясы соңку 50 жылынын 44үндө ката кетирген. Башкача айтканда, астрономиялык жактан алганда алар ушунча жыл же орозо тутууну ай чыккандан эртерээк, же кечирээк баштап келгени белгилүү болгон. Башка мусулман өлкөлөрүндө деле абал мындан жакшы эмес.

Кыргызстандын өзүндө деле бул маселе жыл сайын талаш пикирлерди жаратып келет. 2014-жылы да алгач муфтият 28-июнда орозо тутулаарын айтып, кийин айды көрүү аркылуу бул датаны 29уна жылдырган. Бирок Кыргызстандын көп жерлеринде 28-июнь күнү орозо тутуп баштап алгандар болгон. Кийинчерээк орозо айт күнүн белгилөө да ушундай эле карама-каршылыктар менен коштолгон. Ошол себептүү да айрымдар муфтиятты илимге таянбаганы үчүн сындашкан. 

x

Ошого карабай Кыргызстан мусулмандарынын башкармалыгы азырынча шариятта айтылган эрежелерге гана ыктап турат. Азирети муфтий Максат ажы Токтомушев мындай дейт:

- Курандын, шарияттын айтуусу боюнча, айды көргөн өлкө орозону тутуп кете берет. Ал бир күн кийин, бир күн кеч болуп калыштыгы эч күнөө, же көйгөй эмес. Баарыбыз бир күндө майрамдасак деген нерсе зарыл эмес. Себеп дегенде биздики бул-ибадат. Ибадаттын баары бир учурда болушу мүмкүн эмес. Бул баягы орозодогу тараба намазына эле окшош. Маселен, азыр бир жерде багымдат намазы окулуп жатса, башка бир жерде азыр куптан намазы окулууда. Анан баарыбыз бир болушубуз керек деп эле, биз да куптан окуп алсак болбойт да. Ошондой эле, маселен биз орозо айтты майрамдап жатсак, а башка бирөө уктап жаткан болот. Балким, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу коңшу мамлекеттер бир келишимге келсек болушу мүмкүн. Себеби географиялык жайгашкан жерибиз жакын, ай дагы бирдей көрүнүшү мүмкүн. Бирок, ошентсе да мындан башка да бир канча жыйындарды өткөрүп, бул жаатта өзүнчө бир чечимге келүүгө аракет кылганыбыз жакшы. 

Ошентсе да бул маселе көбүнчө жер-жерлердеги имамдардын башын оорутат. Анткени калктын түздөн-түз сурай турганы ошолор. Ал тургай орозо айт жөнүндө элге туура эмес маалымат таратканы үчүн буга чейин Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылындагы мечит имамы Сагынбек Назиржанов өз кызматынан бошотулган жайы бар. Маалыматка ылайык, аталган имамдын көрсөтмөсү менен орозо айт бир күн мурун белгиленген.

Ош шаарындагы “Тирмизи” мечитинин имамы Зайнабидин Аюпов мындай дейт:

- Бизден адамдар келип “бул жакта ай чыгыптыр, бул жакта чыга элек экен, орозону баштай беребизби, же кандай кылабыз” деп көп сурашат. Анан биз муфтиятты карай албай, же өз алдыбызча айды карай албай убара тартып калабыз. Илим менен дин бирдей кетиши керек дейбиз, бирок келип келип эле хадистерге карап жыйынтык чыгарабыз. Биздин шартта, хадисте да айтылгандай, айды өз көзүбүз менен көрүп, анан орозо тутуп, айт күнүн белгилөөнү туура деп эсептейбиз.

Дүйнө мусулмандары орток пикир таба алабы?

Ош шаарындагы Айды тактоо боюнча жыйын.Ош шаарындагы Айды тактоо боюнча жыйын.
x
Ош шаарындагы Айды тактоо боюнча жыйын.
Ош шаарындагы Айды тактоо боюнча жыйын.

1978-жылы Стамбулда өткөн Бүткүл дүйнөлүк мусулмандар жыйынында ислам аалымдары ай жаңыруусун тактоо боюнча анча-мынча чечимдерге келген. Ага ылайык, дүйнөдөгү баардык мусулман өлкөлөрү айга карап бир күнү белгилеши керек, же жок дегенде эки күндүк айырма менен гана белгилөө керек деген бүтүмгө токтошкон. Бирок учурда аталган жыйынга катышкан көпчүлүк өлкөлөр түрдүү себептерден улам бул эрежени сактабай келишет. Ошондуктан бүт дүйнөдөгү мусулмандар дагы бир ирет эл аралык жыйын өткөрүп, бул маселени тактап алууга мүмкүнчүлүктөрү жок эмес. 

Түркия, Казакстан жана Кыргызстан дин өкүлдөрү катышкан динаятчылардын Ош шаарында өткөн эл аралык конференциясы аталган маселеге чекит койгон жок.

“Ошого карабай Кыргызстан бул жаатта башка өлкөлөр менен бир пикирге келиши керек”, - дейт диний эксперт, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов:

Самаган Мырзаибраимов.Самаган Мырзаибраимов.
x
Самаган Мырзаибраимов.
Самаган Мырзаибраимов.

- Биз ханафи мазхабындагы мусулмандар катары так ушул мазхабдын эрежелерине баш ийишибиз керек. Ханафи мазхабында так далилдер менен айдын чыкканы далилденген болсо, ошонун негизинде орозо туткула деп айтылат. Ошондуктан, кайсы бир мезгилде Кыргызстан дагы илимдин негизинде, астрономиялык иликтөөнүн натыйжасында айды белгилөө колго алат деп ишенем. Мусулмандар дин башкармалыгы, илим адамдары менен айдын жаңырышын так аныктап, фатва берсе анан биз ошону баардык кыргызстандыктар толук аткарганыбыз туура болот. Анан сөзсүз түрдө ушул принцип аркылуу биз бүткүл дүйнөлүк мусулмандардын өлкөлөрү менен бир нормага келишибиз керек.

Маалым болгондой, дүйнөдө көп убакыттуу күн бүркөлүүдөн улам айдын жаңыруусу такыр көрүнбөгөн, же алты ай бою күн батпаган өлкөлөр да бар. Эгер айды көрүп орозо тутуу керек болсо, алар кандай кылышат деген суроо да көпчүлүккө коюлуп келет. Ошондуктан, диниятчылар илимий негиздерге таянып, чечим чыгарууга, акыры жүрүп бүтүн дүйнө мусулмандары бир күндө орозо тутуусу зарыл экендигин окумуштуулар белгилешет.

вторник, 2 декабря 2014 г.

7 жаштагы бала 1 миллион доллар акча тапты

вторник, 2 декабря 2014 г. - 0 Comments



АКШнын Лос-Анджелес шаарында жашаган DylanSiegel 7 жашында оорулуу досуна жардам берүү үчүн каармандык иш кылды. Бирге ойногон досу Jonah Pournazarianдын дартынын аныкталышы үчүн талап кылган каражатты топтоо максатында китеп жазып, максатын ишке ашырган. 2012-жылы чыккан ‘Chocolate Bar’ аттуу  китебин сатуудан түшкөн пайда 1 миллион долларга жеткен. Чогулган каражат досунун дартын аныктоого колдонулат. 6 жаштагы Jonah Pournazarian төрөлгөндөн тартып эле сейрек кездешүүчү оорунун айынан жапа чегип келет.  Оору аныкталбагандан кийин дарттын себеби жана дабасы бүгүнкү күнгө чейин табылбаган. Бирге ойногон досунун ал-абалына капаланган Dylan Siegel үй-бүлөсүнө досу үчүн бир нерсе кылуу тууралуу ойлогонун айткан. Ата-энеси  суусундук сатып, каражат топтоону сунуш кылган. Бирок анын чоң максаты бар эле. Китеп жазууну пландаштырып жаткан. Мукабасына өзү тарткан сүрөттү койгон китеби 42 мамлекетте 50 шаарда сатууга чыккан. Каражат  медициналык мекемелердин жана атайын уюмдардын топтогон акчаларынан да көп болгон. Флорида Университетинин медициналык факультетине которулган акча каражаты дарылоо үчүн колдонулуп жатат. Siegel:“Китебимди алып, аңгемелеримди окуган бардык адамдарга чоң ыраазычылык билдирем. Досума жардам бергениңиздер үчүн абдан толкунданып жатам”,-деп кубанычын жашырган жок.

Маргарет Тэтчердин жашоосундагы жазылбаган, бирок өзү колдонуп жүргөн эрежелер

Маргарет Тэтчер карапайым тигүүчүлөрдүн үй-бүлөсүндө төрөлүп, бирок кокустан дүйнөдөгү эң ири мамлекеттин премьер-министри болгон.

Ал бул кызматта он бир жыл бою кармалып турган. Анын эң башкы сапаты көптөгөн мамлекеттердин өлкө башчылары менен достошуп, аягын муздак согуш менен жыйынтыктай билгендигинде эле. Мына ошондуктан ага советтик журналисттер "Темир леди" деген ысымды ойлоп табышкан.


"Темир лединин" жашоосундагы эң негизги эржелери:

- Эгер бирөөнү баш ийдиргиңер келсе - мырзага баргыла, эгер чынында аны жасагыңар келсе- айымга баргыла.


- Качан айымдын мүнөзү ачылса, ал тууралуу жаман сөздөр айтылат. Ал эми мырзаныкы ачылса, ал тууралуу "Мыкты жигит" деп айтышат.


- Жылуу, жумшак креслодо олтуруунун кызыгы субстанциядабы? Чынында ушундайбы?


- Корооз жакшы кыйкырышы мүмкүн, бирок жумуртканы тоок жаратып, көтөрөт.


- Ким мени критикаласа, аларды көрүп Темзанын толкуну менен басам. Ошондуктан алар мени "Сүзгөндү билбейт" деп айтышмак...


- Ийкемдүүлүк бүгүн абдан кымбат бааланат. Ал эми кыянаттык кылган адамдын таптакыр баасы жок...


- Ар бир айым үй тиричилигиндеги чечилбеген маселелерди түшүнүп, билсе, анда ал мамлекетти башкаруунун маселеринин да жакшы түшүнө билет.


- Экономикалык эркиндик болмоюн, башка эч бир эркиндик болбойт.


- Баарыбыз кайсы бир учурда баары бир чоң апа же кемпир болууга мажбурбуз...


- 90% биздин камкордугубуздан жашоодо эч өзгөрүү болбошу толук мүмкүн.


- Өчөшкөн душманыңды жакшы билип алганың оң. Себеби, кийин аны дос кылып айлантууга толук мүмкүнчулүк бар.


- Үй борбор болгону оң, аялдын жашоосундагы чек ара болбой...


- Персоналдуу чабуулдар мени кубантат. Демек, саясый аргументтер менин каршылаштарымды жок калды...)))


- Кесиптешиң менен макулдашуу манилүү эмес, аны менен жалпы тил табышуу маанилүү!


- Бүгүн айымдардын абдан көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Кээ бирибиз мамлекетти башкарабыз. Бирок, бул жашоодо мамлекетти башкаруудан да өйдө турган нерселер бар экенин унутпашыбыз керек!

Бек кызы Жылдыз

Кааба жөнүндө 10 факт

Бардык объективдүү фактыларды ала турган болсок дагы бул шаарды планетанын эң атактуу шаары деп атаса жарашат. Сутканын 24 саатында Каабаны миңдеген адамдар айланып өтүшөт. Ал Аль-Харам мечитинин борборунан орун алган. Анын сүрөтү көп сандаган адамдардын үйүндө илинип турат, жана миллиондон ашык сыйынуучулар күнүнө беш жолу ошол тарапты карап намазга жыгылышат.

Кааба – Меккенин чок ортосу. Куб түрүндөгү курулуш адамдар эң көп бара турган мечит Аль-Харамдын жүрөгүндө жайгашып, сырты кара кепинге жана кылым карыткан тарыхка чулганган. Бул макалада биз Кааба ташынын өткөн чактагы жана учурдагы силер биле элек бир нече фактыларды айтып берели деп жатабыз.


10. Кааба бир нече жолу салынган.

Учурдагы Кааба ташын пайгамбар Ыбрайым менен Ысмайыл салган деп айтуу кыйыныраак. Мезгил өткөн сайын табигый кырсыктардын жана адамдын колунан жабыркаган Каабаны кайрадан калыптандырып, оңдоп түзөп турууга туура келген.

Анын кайрадан калыптанышына Мухамбет Пайгамбар негизги салымын кошкону баарыбызга маалым. Ал кезде "Каабанын дубалын кандайча салыш керек" деген араб урууларынын ортосундагы узакка созулган чыр чатакты жана кан төгүүлөрдү пайгамбар өзүнүн жөнөкөй жана гениалдуу чечими менен токтоткон.

Андан бери, бир нече кылымда бир, Кааба реконструкцияланып турган. Акыркысы 1996-жылы жасалып, анда айрым таштары алмаштырылып, пайдубалы менен чатыры бекемделген.

9. Кааба түстүү болуп анда эки эшик бир терезеси бар эле.

Башынан эле кире бериш жана чыга бериш үчүн эки эшик бар болчу. Узак убакытка чейин терезеси да болоор эле. Учурдагы вариантында бир эле эшиги калтырылган. Биз Кааба ташынын алтын жазуулары бар кара кисвага оронуп турганын көрүп көнүп калбадыкпы. Бирок мурун анын дубалдары кызыл, жашыл, ак түстөргө сырдалып турчу. Каабаны кара кездеме менен жабуу салты Аббасиддер доорунда пайда болуп биздин күнгө чейин сакталып келет.


8. Ушу күнгө чейин меккелик уруулардын биринде Каабанын ачкычы бар.

Пайгамбардын заманына чейин өткөн зыяратты (хадж) курайша урууларынын бири көзөмөлгө алган. Кийин Ислам бул салтка чекит койгон: ажылыкка аттанган ар бир инсан сыйынуусун өз алдынча өткөргөн.

Меккени багындырган Пайгамбар Каабанын ачкычын алган. Бирок аны өзүнө калтырбастан ачкычты кайра Бани Шайба уруусунан чыккан Усман ибн Тальхеге кайрып берген. Анын үй-бүлөсүндө ачкыч укумдан-тукумга берилип отурган. Бул салт бүгүнкү күндө да уланууда. Себеби Мухамбет Пайгамбар Мындай деген экен: "О бану Тальха бул ачкычты сиз алыңыз, ал сизде ар дайым сакталуу турсун. Ачкычты зөөкүр башкаруучудан башка эч ким сизден тартып ала албайт". Пайгамбардын сөзүнө каршы эч ким чыга алган эмес, султан болобу, корол болобу бардыгы ушул чакан меккелик үй-бүлөнүн уруксаатын алгандан кийин гана Каабанын ичине кирген.


7. Кааба бардыгы үчүн ачык.

Жакынкы убакытка чейин каалагандын бардыгы жумасына эки жолу Каабанын ичине кирип сыйынууга шарты бар болчу. Бирок зыяратчылардын саны күн санап көбөйгөндүктөн андан башка дагы фактыларга байланыштуу мындай иш чараны өткөрүү такыр мүмкүн болбой калган. Бүгүнкү күндө Кааба жылына эки жолу атайын чоң коноктор үчүн гана ачылат.

6. Каабаны суу каптаган.

Кааба турган жер тоо менен курчалган өрөөндүн эң төмөнкү деңгээлинде орун алган, ошондуктан суу ташкынын көзөмөлдөө системасы салынганга чейин мезгил-мезгили менен Меккени суу каптап турчу. Кааба бир нече күн катары менен жарым-жартылай сууга чөмүлүп турган учурлар болгон. Бирок бул көрүнүш зыяратчылардын санын азайткан эмес. Фотого көңүл бургула – мусулмандар Каабаны суу кечип, айланып өтүп жатышат. Мындай көрүнүш башка кайталанбай калышы мүмкүн. Бирок, ким билет...


5. Каабанын ичинен бардык тарапты карап сыйынса болот.

Мурда көпчүлүк Кааба ташынын ичине кирип чыккан адамдардын айтып бергендерин угуп эле тим болушса, кийин заяратчылардын бири бардыгын уюлдук телефондун камерасына тартып алган. Эми интернет аркылуу каалоочулардын бардыгы Каабанын ичин көрө алышат (калтыраган видео болсо деле).

Каабанын ичинде пол жана дубалдар апакай мармар таш менен жасалгаланган.


4. Эки Кааба бар.

Каабанын асманда түгөйү бар. Аль-Байт аль-Мамур деп аталган жайга периштелер гана барышат. Ал тууралуу Куранда да айтылат. Мираджга көтөрүлгөндөн кийинки эскерүүлөрүндө Пайгамбар асмандагы Кааба тууралуу төмөнкүлөрдү айткан экен:

"Мен Жабрайылдан ал Үй тууралуу сурадым, ал мага: "Бул Үй жык жыйма. Ал жака күндө жетимиш миң периште кирет, бирок бир киргенден кийин ага экинчи ирет киришпейт" (аль-Бухари менен Муслимден келитрилген).

3. Кайсы бир убакта кара таш бөлүнүп калган

Эмне себептен кара таш тегерете күмүш менен капталып калган – деген суроо силерде пайда болду беле? Көрсө таш орто кылымдарда курмутиддер сектасынын колунан жабыркаган экен. Алар ажылыкты ырым-жырым деп аташкан. Элди ишенимин жокко чыгаруу максатында он миңдеген зыяратчыларды өлтүрүп, сөөктөрүн Зам-Зам сууга ташташкан.

Кылган кылгылыгына тойбой, кара ташты да уурдап чыгышкан. Эч ким алардан кайра кайрып берүүсүн талап кыла алган эмес. 22 жыл өткөндөн кийин гана ыйык ташты ордуна өздөрү кайтарышкан. Бирок ал экиге бөлүнүп калган болчу. Күмүш бөлүнгөн ташты бекем кармап турат. Тарыхчылардын айткандарына караганда, таштын бардык бөлүктөрү кайтарылган эмес.


2. Алгач Кааба куб формасында эмес эле.

Ооба, так ошондой! Дүйнөдөгү эң атактуу куб алгач тик бурчтук формасында салына баштаган.

Курулуштун башында "Хидж Ысмаил" деп аталган жарым тегерек бөлүгү да кошулган болчу. Мухамбеттин пайгамбарлыгына чейин бир нече жыл мурун Курайшиттер Каабаны кайра салууну ойлоп, ал максат үчүн таза акча гана колдоноорун жар салышкан. Б.а. кумар оюндарынан, талап-тоноодон, сойкулуктан ж.б. у.с. түшкөн каражат алынган эмес. Каабаны баштапкыдай кылып тургузууга жеткиликтүү каражат чогултулбай калган.Эми элестеткиле, канчалык деңгээлде арабдар күнөөгө батышкан.

Курайшиттер Каабанын кичирээк версиясына айла жоктон макул болушат. Бирок Үйдүн баштапкы көлөмүн белгилеп коюуу үчүн бышкан кирпичтен өтө чоң эмес дубал көтөрүшүп, аны "Хиджр Ысмаил" деп аташат. Өмүрүнүн соңку жылдары Мухамбет Пайгамбар Каабаны кайра калыптандырам деп пландап жаткан, тилекке каршы ал жетишкен эмес. Зыяратчы ошол жерден намазын окуса, ал Каабанын ичине кирип чыкканга тете болот.

1. Мусулмандар Каабага да кара ташка да сыйынышпайт.

"Эмне себептен мусулмандар Каабага сыйынышат? Же мусулмандар кара ташты ыйык тутканы чынбы?"- деген суроолорду көп эле укса болот. Бул суроолорго жооп бирдей: мусулмандар Каабага да кара ташка да сыйынышпайт.

Чынында Кара таш Ыйык Үйгө кайсы тараптан баштап сыйынуу керектигин көрсөтүп гана турат.

Ошондой эле Кааба намаз учурунда мусулмандар кайсы тарапты карап туруусу керектигинин белгиси.

Мухамбет Пайгамбардын эң жакын адамдарынын бири Умар Каабаны айланып өтүп жатып кара ташты өпкөн: "Мен сенин жөн эле таш экениңди жана мага эч кандай зыянкечтик же пайда алып келбеээриңди билем. Эгер Аллахтын элчиси сени өөп жатканын көрбөсөм эч качан мындайды кылбайт элем", - деген экен (аль-Бухариден келтирилген)

Демек Умар Мухамбет Пайгамбардын өпкөнүн көрүп туруп анын жасагандарын кайталаган. Умар Пайгамбардын кылгандарын жасап, Пайгамбар өзү сыйынгандай сыйынган, кийин бул ажылык сапардын салтына айланып калган.

Апсаматова Наргиза

среда, 26 ноября 2014 г.

Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар

среда, 26 ноября 2014 г. - 0 Comments

Шатылар... Адам баласынын кыял чабытынан жаралган, күнүмдүк турмушубуздун ажырагыс бир бөлүгү. Шаты – тигинен кеткен, түрдүү аралыктарды өтө турган конструкция. Азыркы жашоодо жалкоолуктун, а балким өз көлөкөсүнөн ашып жарышкан доор талабына ылайык лифт, эскалаторлорду көбүрөөк колдонобуз. Көбүрөөк, бирок дайыма эмес. Жер шаарында адамдын кыялында жаралып, колу менен жасалган таң калыштуу, укмуш дизайны, акылга сыйбас кооздугу же тарыхый баалуулугу менен өзүнө тарткан шатылар да бар. Алардын айрымдары, планетанын тиги же бул бурчунун атагын чыгарып, саякатчылардын сүймөнчүгүнө айланып калган.
Демек, алдыда дүйнөнүн эң атактуу шатылары:
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
БЮРЕН ТООСУ (Аскерлер тепкичи)
Бельгиянын Льеж шаарында жайгашкан бул шатынын аталышы "Бюрендин тоосу" болгону менен, ал жерде эч кандай тоо жок. Аталган мамлекеттин тарыхында өзүнүн татыктуу орунун ээлеген конструкциянын үстү жагында илгери аскердик форт, ал эми ылдый жагында шаардын көңүл ачуучу району жайгашкан экен. Ушул тепкичтер менен форттун тургундары ылдый түшүп, акчаларын ичимдикке жана кыздарга коротушкан.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
"Бюрен тоосу" 1881-жылы салынган. Шаты эки 9 кабаттуу үйгө барабар келип, 374 тепкичтен турат. Бул шатыга 15-кылымда Льеж шаарын бургунд баскынчыларынан коргогон ак сөөк Винсент де Бюрендин ысымы ыйгарылган.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баянАсманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Шаардын картасында Монтань-де-Бюрен көчө катары белгиленген. Шатынын 374 тепкичин басып өткөнгө күчү жеткен саякатчы, бийиктиктен Маас дарыясынын көз жоосун алган сулуулугуна суктана алат.
ТАЙХАН (Кан кызыткан сезимдер мекени)
Кытайдын Хенань провинциясындагы Тайхан тоосунда салынган бул шаты – кан кызыткан сезимдерди издеп, бирок экстримге жүрөгү даабагандар үчүн накта табылга. 92 чакырым бийиктикке бул тепкичтер менен чыгуу өмүр бою эсте калса керек.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Көк асманды көздөй типтик кеткен шатынынын авторлору "лифтке караганда биздин конструкция алда канча мыкты, себеби, сен уламдан улам өйдөлөп кете бересиң, ал эми шамалдын ышкырыгы, жаныңдан учуп өткөн куштардын канатынын добушу....анан да бут алдыңда кыйчылдаган тепкичтер...Мунун баардыгы – накта экстрим", - деп сыймыктанышат.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баянАсманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
АВАДЗИ (Самурай чыйыры)
Японияда борбор шаары менен аталышы бирдей Авадзи деген арал бар. Шаарда жайгашкан "Авадзи Юмэбутай" тематикалык сейил багы түрдүү конференцияларды, көргөзмөлөрдү, майрамдарды же жөн гана ажайып эс алууну уюштурууга ылайыкталган "Юмэбутайдын" чыгарамачыл атасы – япониялык уста Тадао Андо. Сейил бак 1995-жылы ачылган.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
"Авадзи" аралынын бул көркөм жеринде япониялыктардын гүл өстүрүү чеберчилиги адамдын оозун ачырган кооздукту жараткан. Ал – 100 төрт бурчтук жер тилкесинде жайгашкан ажайып шаты-гүлзарлар.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
ПОТЕМКИН ШАТЫСЫ
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Потемкин шатысы Оруссиянын Одесса шаарында жайгашкан. Шаты көзгө көлөмдүүрөөк көрүнүшү үчүн трапеция формасында салынып, үстүңкү тепкичтин туурасы 12,5 метрге барабар болсо, ал эми, алдыңкысы 21,7 метрге чейин жетет. Шатынын тикелей узундугу 142 метрди түзөт. Бирок, ылдыйда жайгашкан деңиз вокзалынан караганда шаты бир катар эле узун көрүнөт.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Потемкин шатысы колдонууга 1841-жылы берилген. Учурда ал дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде туристтик обьект катары белгилүү.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Жылына эки жолу, 1 – апрелде жана шаар күнүндө одессалыктар Потемкин шатысына жалпы сүрөткө түшкөнү келишет. Бул күндөрү тепкичтер отургучтардын ролун аткарат.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
"Жолборс менен таш бака" (Маанисиз тепкичтер)
Немецтердин Дуйсбург шаарындагы Ангерпарк деген сейил багынын меймандары ,"американские горкиге" элестеткен аттракционго сөзсүз барышат. Америкалык тууганынан айырмасы, бул жердин коноктору, ийме-чийме жолдорду атайын кабинкаларда эмес, жөө басып өтүшү керек. Аттракциондун бийиктиги 7 кабаттуу үйгө тете.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
"Жолборс менен таш баканын" меймандары ийме-чийме шатынын баардык тилкелеринде эркин сейилдей алышат, болгону түйүн катары жасалган жерине барганга тыюу салынат.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Бир карасаң баш аламан көрүнгөн шаты 2011-жылы ачылган. Эң кызыгы, аны салууга 2 миллион евро коротулган экен.
ЧАНД БАОРИ (Ылдыйга гана алып бара турган шаты же аптаптан кутулуу жолу)
Индиянын климаты дайыма ысыктыгы менен айырмаланат. Буга байланыштуу жергиликтүү калк тээ илгертен ысык менен күрөшүүнүн жолдорун издеп келишкен. Күндүн табынан кутулуу үчүн индиялыктар дайыма тепкичтери бар кудуктарды салышкан. Себеби, ылдый жакта суунун температурасы куйкалаган аптаптан сактаган. Төмөндөгү сүрөт баянда Раджастхан штатындагы абанери шаарындагы Чанд Баори комплекси.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Кудук – бассейн устачылыгынын эң ажайып символдорунун бири Чанд Баори, жалпысынан алганда 3500 тепкичтен турат.
Асманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баянАсманга карай жол. Акылдан адаштырган шатылар жөнүндө фото баян
Тыныч Кожобек

Subscribe

Donec sed odio dui. Duis mollis, est non commodo luctus, nisi erat porttitor ligula, eget lacinia odio. Duis mollis

© 2013 Shumduk. All rights reserved.
Designed by SpicyTricks